Арстандын туристтерге ийгиликсиз "кол салышы" интернет колдонуучуларын күлдүрдү

Жазылуу
Сафари паркындагы казылган аңдын туурасы жети метр болгондуктан, ал аркы бетке өтө албай аңга кулаган.

Мексикадагы Сафари паркында арстан туристтерге кол салуу үчүн секиргенде, атайын казылган аңга түшүп кеткен. Видео боюнча интернет колдонуучулары арасында түрдүү пикирлер жаралганын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Антибраконьерский рейд на рынке в Аламудунском районе - Sputnik Кыргызстан
Кызыл китепке кирген аюунун катырылган териси Бишкектин чегиндеги базардан табылды
Эльза аттуу арстандын мындай аракетинен алгач туристтер чочулап бакырышса, кийин шарактап каткырышкан.

Маалыматка ылайык, жырткыч жаныбар эч кандай жаракат алган эмес.

Сафари паркынын өкүлдөрүнүн айтымында, казылган аңдын туурасы жети метр болгондуктан андан арстандар өтө албайт. Себеби алар беш метрлик аралыкка гана секире алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0