ЖМК: айрым колдонуучулар Twitter баракчасына киргенде акы төлөйт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүTwitter социалдык тармагынын баракчасы. Архив
Twitter социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иштелип жаткан акы төлөнүүчү сервис маркетолог, журналист сыяктуу активдүү колдонуучуларга дүйнө жүзүндө эмне болуп жатканын тезирээк таап чыгууга жардам берет.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Twitter баракчасы айрым колдонуучуларга акы төлөнүүчү сервисти ишке киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу The Verge порталы аталган компаниянын маалымат кызматына таянып билдирди.

Билдирмеге караганда, атайын кызмат маркетолог, журналист сыяктуу активдүү колдонуучуларга багытталган.

"Tweetdeck" аталышындагы жаңы инструмент өзүнө кеңейтилген аналитикалык маалыматтарды, акыркы жаңылыктарды жана тренддерди камтыйт.

"Биз Twitter баракчасындагы колдонуучулардын ой-пикирин чогултуп анализдеп турабыз. Tweetdeck программасы профессионалдарга мурдагыдан да баалуу жана кызыктуу болушу үчүн иштелип жатат", —деп билдирди компаниянын өкүлү Бриэль Виллабланки.

Учурда колдонуучулар иштелип жаткан сервистин болжолдуу версиясы менен бөлүшө башташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0