Он эки жаштагы бала Индиядагы эң жаш ата болду

Жазылуу
Кыздын зордуктоо боюнча былтыр жазган арызынын негизинде өспүрүмдү полиция кармап, бирок кийинчерээк күрөө төлөнгөн соң эркиндикке коё берген.

БИШКЕК, 25-мар. – Sputnik. Индиянын Керала штатындагы 12 жаштагы өспүрүм Индиядагы эң жаш ата деп таанылды. Бул туурасында РИА Новости Indian Express басылмасына таянып кабарлады. 

Бөбөк мындан үч жыл мурда эле төрөлүптүр. Ошол кезде ымыркайдын 17 жаштагы энеси баланын атасы ким экенин айткан. Коччи шаарынын полиция кызматынын өкүлү Жайакришнан ДНК анализи ымыркайдын атасы 12 жаштагы өспүрүм экендигин тастыктагандыгын билдирди.

Жаңы төрөлгөн ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда кыргыз аял беш жолу жасалма уруктандыруу жасатып, алтынчысында төрөдү
Кыздын зордуктоо боюнча жазган былтыркы арызынын негизинде өспүрүмдү полиция кармап, бирок кийинчерээк күрөө төлөнгөн соң эркиндикке коё берген. Анын ишин эми ювеналдык юстиция боюнча комиссия карамай болду.

Жаш ата-эне туурасындагы маалыматтар азырынча ачыкка чыгарылбай турат. Кабарларда алардын бири-бирине тууган болгону жана жакын аймакта жашаганы айтылууда.

Жаш куракта ата-эне болгондор туурасында былтыр Жаңы Зеландиядада коомчулукту таңгалдырган кабар чыккан. Анда 11 жаштагы өспүрүмдүн балалуу болгону маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0