Навигатордун жаңылыштыгынан америкалык студент 5 күнгө чөлдө калган

© AFP / FRED DUFOURАйдоочу кыз. Архив
Айдоочу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амбер байланыш кызматы иштебей калгандыктан, эч ким менен сүйлөшө алган эмес. Беш күн бою кургатылган жемиштер менен азыктанган.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Америкалык студент Амбер Ван Хеке навигатор туура эмес жолду көрсөткөндүктөн Аризона штатындагы чөлдө адашып кеткен. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Жаңы Зеландиядагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоолордун арасында калган турист аял бир айдан кийин аман-эсен табылды
Студент кыз Чоң каньонду көрүү үчүн сапар алган. Алгач саякат ийгиликтүү өтүп жаткан. Бирок экинчи күнү навигатор туура эмес багытты көрсөткөн. Жарым жолдон унаанын бензини түгөнүп калгандыктан, темир тулпарды таштоого туура келген. Амбер байланыш кызматы иштебей калгандыктан, эч ким менен сүйлөшө алган эмес. Калган күндөрү кургатылган жемиштер менен азыктанган. Беш күн өткөндөн кийин гана куткаруу кызматы менен байланышка чыккан.

Ошондон кийин гана куткаруучулар тик учак менен келип кызды ооруканага жеткиришкен.

"Мен ушул чөлдө өлүп калам го деп ойлой баштаган болчумун", — деп Амбре билдирген.

Маалыматка караганда, студенттин денеси катуу күйүк алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0