Кытайлык кыз алты таңгак акчаны 77 секундда санап бүтүрдү

Жазылуу
Акча санаган кыздын беш манжасы тең иштеген.

Кытайдын Шаньдун провинциясындагы кассир кыздын атайын машинадан да тез акча санашы соцтармакта кеңири жайылып жатат.

Алматинский енот забрался в дом и помыл посуду - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы үйлөрдүн бирине енот кирип, кожейкенин идиш-аягын жууду
Кассирдин өзгөчө жөндөмүнө Mashable порталы көңүл бурган. 

Видеодо кыз Кытайда кеңири пайдаланылган ыкма менен — беш манжаны пайдаланып 1,5 мүнөттө алты таңгак акчаны санап берген.

Маалыматка ылайык, жалпы жонунан колго ар кандай баадагы 550 купюраны 77 секундда санап бүткөн.

Ролик менен алгач Кытайдын CGTN телеканалы бөлүшүп, аны 100 000 киши көргөн. Башка каналдардан көргөндөрдүн саны 200 миңге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0