Сауд Аравияда зыяратчыларды 2018-жылдан тарта шамал менен жарышкан поезддер ташыйт

© AFP / AHMAD GHARABLIКомплекс высотных зданий в Мекке Абрадж аль-Бейт
Комплекс высотных зданий в Мекке Абрадж аль-Бейт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки шаар ортосундагы аралык 2,5 саатты алат. Ал эми Меккеден Жидда шаарына чейинки аралык жарым саатты түзөт.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Мекке менен Медина шаарларынын ортосунда 2018-жылдан тарта жогорку ылдамдык менен жүргөн поезддер жүрүп, зыяратчыларды ташый баштайт. Бул тууралуу Saudi Gazette басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, учурда 450 чакырымдык жолдун 430 чакырымына темир жол төшөлдү. Курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Эки шаар ортосундагы аралык 2,5 саатты алат. Ал эми Меккеден Жидда шаарына чейинки аралык жарым саатты түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0