Лондондогу теракт жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" өз мойнуна алды

© REUTERS / STEFAN WERMUTHСтрельба у здания британского парламента
Стрельба у здания британского парламента - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лондондун борборунда 22-март күнү теракт болуп беш киши каза тапты.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Улу Британиянын борбору Лондондо жасалган терактынын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук уюму өз мойнуна алгандыгын РИА Новости жазып чыкты.

Окуя кечээ, 22-мартта Лондон убактысы боюнча саат 14:40та (Бишкек убактысы менен алганда 20:40) болгон. Унаа менен келе жаткан киши көпүрөдөн өтүп бара жаткан бир нече адамды коюп, парламенттин жанында турган полиция кызматкерине бычак урган. Аны экинчи полиция атып өлтүргөн. Укук коргоо органдары окуяны теракт деп аташты.

"Лондондогу терактыны Улуу Британиянын жараны жасаган. Ал буга чейин эле экстремисттик аракеттерди жасоого шектелип полициянын көңүлүн бурган. Бийлик анын ысымын атоого шаша элек. Террорчу менен байланышы бар делген дагы сегиз жаран кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Серия спланированных терактов в Париже - Sputnik Кыргызстан
Европада акыркы эки жылда болгон ири терактылар
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте сүйлөп жатып терактыдан 11 мамлекеттин жарандары жапа чеккенин билдирди.

"Окуядан 12 британдык, үч француз, эки румын, бир поляк, немец, кытайлык, АКШлык, италиялык, ирландиялык, эки грециялык жана Түштүк Кореянын төрт жараны жаракат алган", — деп Мэй билдирди.

Ал ошондой эле жарадар болгон үч полиция кызматкеринин экөөнүн абалы оор экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0