Лондон: теракт учурунда жабыркаган полиция кызматкерине депутат жардам берди

© REUTERS / TOBY MELVILLEСтрельба у здания британского парламента
Стрельба у здания британского парламента - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирок полиция кызматкери көп кан жоготуп, кырсык болгон жерде каза болгон.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Британиянын тышкы иштер министринин орун басары, депутат Тобиас Эллвуд теракт учурунда оор жаракат алган полициянын өмүрүн сактап калууга аракет кылганын The Telegraph басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, кырсык болору менен депутат жаракат алган полицияны жасалма дем алдырууга аракет кылган. Тез жардам кызматы келип, тик учак менен алып кеткенге чейин полиция кызматкеринин жанында болгон.

​"Бул орду толгус кайгылуу окуя. Аккан канды токтотуп, жасалма дем алдырууга аракет кылдым. Ал оор жаракат алып, көп кан жоготту", — деп Тобиас Эллвуд өзүнүн пикирин аталган басылмага билдирген.

Стрельба у здания британского парламента - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Лондондогу терактыдан жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун билди
Улуу Британия парламентинде консерваторлор партиясынан депутат болгон Эллвуд Royal Green Jackets армиясынын катарында кызмат өтөгөн. Анын командир наамы бар.

Британиянын борбору Лондон шаарында кечээ теракт болуп, машина айдаган киши бир нече адамды жолдон коюп кеткен. Андан кийин полицияны бычак менен сайган. Акырында ал атып өлтүрүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча бул окуядан беш киши каза болуп, 40тай киши түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0