Футболчу түз эфирде байкабай жубайы менен ойношуна ыраазычылык билдирип алды

© SputnikАфриканский футболист Мохаммед Анас во время интервью в прямом эфире телеканалу ВВС. Фото с сайта Youtube пользователя BBC Russian
Африканский футболист Мохаммед Анас во время интервью в прямом эфире телеканалу ВВС. Фото с сайта Youtube пользователя BBC Russian - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк африкалык "Free State Stars" клубунун чабуулчусу Мохаммад Анас бир эле оюнда эки ирет дарбазага топ киргизип, өзгөчөлөнө алды.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Африкалык футболчу Мохаммед Анастын оюндан кийинки ВВС каналына берген түз эфирдеги маеги көп чырдын башы болгону калды окшойт.

Бир эле оюнда эки ирет гол киргизген клубдун чабуулчусу интервью берип жатып ага колдоо көрсөткөн келинчеги менен ойношуна ыраазычылык билдирди. Бир нече ирмемден кийин эле эсине келе калып, спортчу "ыраазычылык жубайына гана арналарын" айткыча шашкан.

"Африкалык футболчунун кубанычында чек жок эле, мындан улам түз эфирден аялы менен "курбу кызына" рахмат айтып жиберди. Бирок кийин сөзүн оңдоп кетти", — дейт телеканал.

Эксперт по корейским странам, профессором Пусанского национального университета Роберт Келли во время прямого эфира BBC. Фото со страницы твиттер пользователя Tony Brown - Sputnik Кыргызстан
BBC каналына онлайн-маек берип жаткан адистин бала-чакасы эфирди бузуп кое жаздады
Бул видео чагылгандай тездик менен соцтармакка жайылып кеткенден кийин Анас "курбу кыз" дегени — өзүнүн кызы экенин, эч кандай ойношу жок экенин жар салды.

"Үй бүлөм кызымды "досум" деп айтарымды билет. Демек, менин сөзүмдүн чыныгы маанисин туура түшүндү. Менин эч кандай ойношум жок", — деди футболчу.

Анастын үйлөнгөнүнө быйыл жети жыл толот. Анын эки баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0