03:17 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
26911

Ташбаканын канында никелдин курамы 200 эсеге чейин жогорулап кеткендиктен өлгөн.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бир нече жылда 915 тыйынды жутуп алган ташбака операциядан кийин өлдү. Бул тууралуу Таиланддын үчүнчү улуттук телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ташбака Бангкок шаарындагы Чулалонгкорн университетинин ветеринардык ооруканасында өлүп калган. Дарыгерлер буга чейин анын ичегисине жана карынына операция жасап, ичинен 915 тыйын алынган.

Ташбаканын абалы операциядан кийин жакшырган, бирок андан кийин кайрадан оорлоп экинчи ирээт операция жасалган. Ага карабай жандыктын канында никелдин курамы 200 эсеге чейин жогорулап кеткендиктен өлгөн.

Кошумчалай кетсек, аталган көк ташбакалар 80 жылга жакын жашайт. Учурда алар жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарына кирет.

Тема боюнча

Тайландда ташбаканын ичинен беш килограмм тыйын чыкты
Белгилер:
Ташбака, операция, Таиланд

ЭҢ МААНИЛҮҮ