Түштүк Суданда кыйраган учактын жүргүнчүлөрү аман калды

© flickr.com / Dmitry TerekhovСамолет Ту-154М в небе
Самолет Ту-154М в небе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак конууга аракет кылып жатып кулаган.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Түштүк Судандын Wau аэропортунда жарандык учак кыйроого учураганы airlive сайты жазып чыкты. 

Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барышты. Маалыматка караганда, 14 адам ооруканага жеткирилди. Учурда калган жүргүнчүлөр учактан чыгарылып жатат. 

​Алдын ала маалыматтарга караганда, учактын герметизация жаатында мүчүлүштүктөр болгон. Ал конууга бара жаткан жеринен боронго кабылган. 

​Сүрөттөрдө учак биртоп эле талкаланганы көрүнүп турат.

Associated press агенттиги экипаж толугу менен аман калганын билдирди.

Буга чейинки акыркы ири авиакырсык 2017-жылдын 16-январында Кыргызстанда болгон. Анда учак аэропортко жакын жердеги Дача айылына кулаган

Кырсык 39 кишинин өмүрүн алып, 23 үйдү жараксыз абалга келтирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0