Түндүк Корея ракеталык жаңы кыймылдаткычты сынаганын жар салды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПуск ракеты. Архивное фото
Пуск ракеты. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ким Чен Ын ракетадромдо болгону, кыймылдаткычтын техникалык мүнөздөмөсү менен таанышып, сыноону баштоого өзү буйрук бергендиги айтылат.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Түндүк Корея ракеталык жаңы, кубаттуу кыймылдаткычты сынаганын жар салды. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Северокорейский лидер Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея АКШ мамилесин өзгөртпөсө, өзөктүк куралын күчөтөрүн айтты
Маалыматтарга караганда, сыноо Тончхан-ни деп аталган ракетодромдо болгон.

Корея Элдик демократиялык республикасынын лидери Ким Чен Ын "бул ракета индустриясындагы ийгиликтүү кадам — "жаңы жаралуу" болгондугун айткан.

KCNA агенттиги Ким Чен Ын ракетадромдо болгону, кыймылдаткычтын техникалык мүнөздөмөсү менен таанышып, сыноону баштоого өзү буйрук бергендигин кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0