Жарым тонналык аялга операция жасалып, ал 140 килограмм салмак таштады

© SputnikЕгиптянка Иман Ахмад Абдулати, которая считалась одной из самых тяжелых женщин в мире, фото со страницы Твиттер пользователя Tabassum
Египтянка Иман Ахмад Абдулати, которая считалась одной из самых тяжелых женщин в мире, фото со страницы Твиттер пользователя Tabassum - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Египеттик аялдын мурдагы салмагы жарым тонна болчу.

БИШКЕК, 19-Мар. — Sputnik.  Дүйнө жүзүндөгү өтө толук аял деп эсептелген, Египет шаарынын 500 килограммдык жашоочусу Иман Ахмад Абдулати беш жума Индияда дарылангандан кийин 140 килограмм салмак таштаган. Бул туурасында РИА Новости PTI агенттигине шилтеме кылуу менен жазып чыкты. 

Проблема лишнего веса в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө өтө ашыкча салмак менен аялдар көбүрөөк жабыр тартат
Египеттик аялдын аянычтуу тагдыры тууралуу былтыр октябрь айында Al Arabiyа телеканалы кабарлап, инсультка кабылып, төшөккө жатып калганын жазган. Бейтап тууралуу маалымат тараган соң индиялык дарыгер, хирург Муффазал Лакдавала ага жардам  берерин айткан.  11-февралда салмакттуу аял жүк ташуучу учак менен Индияга жеткирилген. Ага 7-мартта операция жасалып, дарыгерлер ашказанын 15 пайызга кичирейтип жана ашыкча майларын алып салган.

"Имандын учурдагы салмагы 358 килограмм болуп калды", — деп билдирген Мумбайдагы Saifee Hospital клиникасы.

​Египеттик аял азыркы тапта атайын диетада, ал ар бир эки саат сайын түтүкчө менен туздалган белок коктейли, соя кошулган сүт ичип жатат. Иман операциядан кийин тамак жута албай, кыйналгандыктан түтүкчөнүн жардамы менен азыктанууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0