Иранда экс-президенттин кызы экинчи жолу эркинен ажыратылды

© AFP / ATTA KENAREИрандын мурдагы президенти Али Акбар Хашем-Рафсанджан — Фаезе Хашеминин архивдик сүрөтү
Ирандын мурдагы президенти Али Акбар Хашем-Рафсанджан — Фаезе Хашеминин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандын мурдагы президентинин кызы Фаезе Хашеми сот системасына жана күзөт кызматына сын айткандыгы үчүн кайрадан алты айга түрмөгө камалган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ирандын мурдагы президенти Али Акбар Хашем-Рафсанджан — Фаезе Хашеминин (Faezeh Hashemi) кызы экинчи жолу өкмөткө каршы үгүт сөздөрү үчүн эркинен ажыратылды. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы Фаезе Хашеми алты айга түрмөгө камалган. Мындан сырткары, ага беш жылга чейин өлкөнүн саясий жана маданий иш-чараларына катышууга, ошондой эле "ЖМКларда активдүү болууга" тыюу салынган.

"Фаезе Хашеми сот системасына жана күзөт кызматына сын айткандыгы үчүн кайрадан алты айга түрмөгө камалды", — деп жазылат маалыматта.

Али Акбар Хашеми-Рафсанджани 1989-жылдан 1997-жылга чейин Ирандын президенти болуп турган.

2005-жылы ал кайрадан президенттикке ат салышып, бирок оппоненти Махмуд Ахмадинежадга алдырып жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0