Иракта көп аял алган эркектерге акча төлөп берүү сунушталууда

© AFP / DELIL SOULEIMANПаранжа кийген аялдар, Архив
Паранжа кийген аялдар, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иракта 1,5 миллионго чукул ажырашкан жана жесир аялдар бар. Бирок депутаттын бул демилгеси социалдык тармакта катуу талкуу жаратып, эл өкүлүнүн оюна макул жана каршы болгондор эки жаттка бөлүнүшкөн.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ирак депутаты Жамила аль-Абиди эркектерге бир нече аял алууга уруксат берүү демилгесин сунуштаганын Sputnik агенттиги маалымдады.

Багдад шаарындагы АКШ армиясынын жоокери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иракта "Ислам мамлекетинин" үч башчысы жок кылынды
Мындай жол менен эл өкүлү Иракта 1,5 миллионго чукул ажырашкан жана жесир аялдардын маселесин чечүүгө болорун болжолдогон. Ошондой эле ал өз демилгесинде көп аял алган эркектерге кошумча акча бөлүп берүү сунушун да киргизген.

Демилге социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, эл өкүлүнүн оюна макул жана каршы болгон колдонуучулар эки жаттка бөлүнүп кетишкен.

Адам укугун коргогон активисттер Ирактын мыйзамында эгер эркек көп аял алууга мүмкүнчүлүгү жана биринчи аялы буга макул болсо үйлөнсө болот деген берене бар экендигин эскертишкен.

Ал эми демилгеде көп аял алганга кошумча акча төлөп бериш керек деген сунушуна караманча-каршы экендигин билдиришкен. Анткени бул учурда аял никеге муктаж болгону үчүн гана макул болуп, анын адамдык сапаты экинчи орунга калып каларын айтышкан. Мында аргасыздыктан улам турмушка чыкпаш үчүн аялдарга алгач жумушка орношуп иштөөсүнө көмөктөшүү керек экендиги белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0