Россияда президенттик шайлоонун болжолдуу датасы айтылды

© Sputnik / Мария Сибирякова / Медиабанкка өтүүЕдиный день голосования в России
Единый день голосования в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган өлкөнүн азыркы мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоо марттын экинчи жекшембисинде өтүшү керек.

БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. Россияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 4-мартында же 18-мартында өтүшү мүмкүн деп билдирди РФтин БШК катчысы Майя Гришина. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Бул даталар Социалдык коргоо министрлигинин дем алыш күндөрүн аныктагандыгына жараша бекийт.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рахмон эми президенттикке каалашынча шайлана алат
Шайлоо болуучу күн Мамдуманын мыйзамдарга киргизе турган өзгөртүүлөрүнө жараша болот.

Буга чейин аталган министрлик дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча өкмөттүн токтомун даярдап, анда россиялыктар 8-11-мартта эс алаары пландалып жаткандыгы кабарланган.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, президенттик шайлоо марттын экинчи жекшембисинде өтүшү керек. Анда 2018-жылы добуш берүү 11-мартка туура келип калат. Эгер жекшемби майрамдан кийинки же иш күндүн майрамдан улам жылдырылышына туура келип калса, добуш берүү марттын биринчи жекшембисине дайындалат. Бул дата 2018-жылдын 4-мартына туура келет.

Мамдумага киргизилген түзөтүүлөрдү кошуп туруп, эми шайлоону марттын үчүнчү жекшембисине жылдыруу сунушталып жатат. Эгерде мындай деп чечилсе, добуш берүү Крымдын Россияга кошулушунун бир жылдыгына туура келип калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0