АКШ чет өлкөлөргө жардамын кыскартканы менен дипломатиялык милдетин сактап калат

© REUTERS / Mike BlakeАКШны желеги. Архив
АКШны желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти Трамптын мамлекеттик департаменттин негизги милдеттерин кыскартуу боюнча планы жок.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. АКШ башка өлкөлөргө жардамын кыскартканы менен мамлекеттик департаменттин дипломатиялык функциялары ошол бойдон сакталат. Бул тууралуу Ак үйдүн административдик бюджет боюнча башкармалыгынын директору Мик Малвейни маалымдаганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

"Мамлекеттик департамент боюнча бюджет кескин кыскарарын көрөсүңөр. Президент чет өлкөлөргө жардамды аз сарптасак ал каражаттарды өзүбүз колдонууга өтөбүз деп айтты. Андыктан бул саясатты ишке ашырсак, чет өлкөгө жардам кыскартылат", — деп билдирди Малвейни.

Северокорейский лидер Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея АКШ мамилесин өзгөртпөсө, өзөктүк куралын күчөтөрүн айтты
Ак үйдүн өкүлү президент Дональд Трамп мамлекеттик департаменттин негизги милдеттерин кыскартуу планы жок экенин баса белгиледи.

Буга чейин Wall Street Journal журналы мамлекеттик департамент жана Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) бюджетин 37 пайызга кыскартуу сунушталып жатканын жазган. Бул маалыматты Ак үйдөн тастыктап, бирок канчага кыскартылары так айтылган эмес. Мамлекеттик департаменттин жана Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин бюджети болжол менен 50 миллиард долларга жетип, федералдык бюджеттин бир пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0