Швейцариянын тургуну унаасына эң кымбат номер сатып алып, рекорд койду

© AFP / JEFF PACHOUDАукцион. Архив
Аукцион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин SG 1 номери 133 миң долларга сатылып, эң кымбат деп эсептелип келген.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Швейцариянын тургуну машинасына аукциондон 158 миң долларга номер сатып алганын Local порталы жазып чыкты.

​Бийлик өкүлдөрү аукциондо сатылган мамлекеттик номер мынчалык кымбатка сатылат деп эч күткөн эмес. Бул сумма машинанын номери үчүн өлкө тарыхында төлөнгөн эң көп каражат болуп саналат.

VS 1 номери 15-февралда аукционго коюлган. Аны сатып алууга 17 киши катышып, акыры Matrans деген лакап ат менен катталган киши жеңүүчү деп табылган.

Буга чейин SG 1 номери 133 миң долларга сатылып, эң кымбат номер болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0