Чехия: зоопаркта мүйүзүн араалап, керикти сактоого аракет кылышууда

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүЗоопарктагы кериктер. Архив
Зоопарктагы кериктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын жайында Зимбабведе 700 кериктин мүйүзүн таарып салуу чечими кабыл алынган. Бийлик мындай кадам жаныбарларды браконьерлерден сактоо үчүн жасалгандыгын айтууда.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Чехияда зоопаркта багылып жаткан сейрек кездешүүчү кериктин мүйүзүн араалап салуу менен сактап калууга аракет кылышууда. Бул туурасында РИА Новости Guardian басылмасына таянып жазды. 

7-мартка караган түнү белгисиз кылмышкерлер Париждин чет жакасында жайгашкан Туари зоопаркындагы беш жаштагы керикти өлтүрүп, бир мүйүзүн сындырып кетүүгө үлгүрүшкөн.

"Бул кериктердин коопсуздугу үчүн жасалууда. Франциядагы окуя бизди кооптондуруп койду, абал чынында эле ойлондургудай болуп турат", — деп айткан Двур-Кралове-над-Лабем шаарындагы зоопарктын өкүлү гезитке.

Учурда аталган жайда 21 жаныбар жашайт.

Тоодогу маралдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аңчылык департаменти жаныбарларды коргоонун ордуна курутабы…
Дегеле дүйнө боюнча бул жаныбарлар браконьерлердин бутасына алынып келет. Кылмышкерлер Африканын салттуу медицинасына пайдаланылган бул мүйүздөрдүн артынан сая түшкөнү көпчүлүккө маалым. 1977-жылы дүйнө боюнча кериктин мүйүзүн сатууга тыюу салынган. Көмүскө базарда бир мүйүздүн баасы 50 миң еврого бааланып келет.

2016-жылдын жайында Зимбабведе 700 кериктин мүйүзүн таарып салуу чечимин кабыл алган. Бийлик мындай кадам жаныбарларды браконьерлерден сактоо үчүн жасалгандыгын айткан. 2015-жылы 1,3 миң керик мүйүздөн улам курмандыкка чалынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0