Трамп дрондун жардамы менен террорчуларды жок кылууга уруксат берди

© AFP / LIU JIN / AFP FILESАмериканский военнослужащий с беспилотником
Американский военнослужащий с беспилотником - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент Барак Обаманын учурунда дрондор террорчулардын жайгашкан жерин аныктоо менен чектелчү.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Борбордук чалгындоо кызматына (ЦРУ) согушкерлерди дрондун жардамы менен жок кылууга уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости Market Watch агенттигине шилтеме берүү менен кабарлады. 

Экс-президент Барак Обаманын учурунда дрондор террорчулардын жайгашкан жерин аныктоо менен чектелчү. Трамп бул чектөөлөрдү алып согушкерлерди дрон аркылуу жок кылууга уруксат берди.

Белгиленгендей, бул ыкма менен ЦРУ биринчи жолу Сирияда "Аль-Каиданын" башчысынын орун басары Ахмед Хасан Абу аль-Хайра аль-Масрини жок кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0