Аягы массалык мушташ менен бүткөн ММА беттеши жокко чыгарылды

Жазылуу
Дагестанда ММА ачык чемпионатынын алкагында өткөн беттеште күйөрмандар арасында массалык мушташ чыгып кеткен.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Аягы массалык мушташ менен бүткөн Владимир Минеев менен Азиз Жуманиязовдун беттеши жокко чыгарылып, Жуманиязов жана анын Dagestan fighters командасы дисквалификацияланды. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын ММА биримдигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Кыргызстандык мушкер Алишер Жаныш Ямал автономдуу округунда өткөн эл аралык ММА турниринде - Sputnik Кыргызстан
MMA турниринде кыргызстандык мушкер атаандашын 25 секундда жаткыра чапты
Эске сала кетсек, Дагестанда ММА ачык чемпионатынын алкагында өткөн беттеште күйөрмандар арасында мушташ чыгып кеткен. Россиялык мушкер Владимир Минеев менен анын дагестандык каршылашы Азиз Жуманиязов рингге чыккан. Беттеш аяктаган соң Жуманиязов партерден туруп Минеевди бир тепкен. Ага жооп кайтарган каршылашы дагестандык мушкерди муштуму менен башка урган. Күйөрмандар дагы рингге чыга калып мушташа кетишкен.

Окуядан кийин спортчулар бири-биринен кечирим сурап, кол алышканына карабастан беттештин калысы оюнду жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0