Афганистанда полициянын эки кызматкери сегиз кесиптешин атып салды

© REUTERS / AHMAD MASOODАфган полиция кызматкерлери. Архив
Афган полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттик мындай окуялар аталган өлкөдө тартип сактоочулар согушкерлер менен ымалашып кеткенде болуп турарын жазды.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Афганистанда полициянын эки кызматкери сегиз кесиптешин атып салды. Бул туурасында РИА Новости Khaama Press агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Афганистандагы куралчан жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афганистанда согуштан каза тапкан элдин саны рекорддук чекке жетти
Ок Афганистандын түштүк-чыгыш аймагында жаңырган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, кандуу окуя Забуль провинциясындагы көзөмөл өткөрүү жайында болгон. Аймактын губернатору кол салгандар өзү менен кошо бир нече куралдарды алып, из жашырганга үлгүргөн.

Агенттик мындай окуялар аталган өлкөдө тартип сактоочулар согушкерлер менен ымалашып кеткенде болуп турарын жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0