Шамал учуруп кете жаздаган метеоролог. Жерине жетпей калган кызыл желек

© AFP / MIGUEL RIOPAШамал учурунда кол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Шамал учурунда кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Нью-Гемпшир штатындагы Вашингтон тоосунун чокусундагы обсерваторияда тартылып алынган.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Американын коомчулукту таң калтырган метеорологиялык обсерваториянын кызматкерлеринин видеосу интернетте талкуу жаратты. Бул тууралуу РИА Новости мекеменин Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасына шилтеме жасап билдирди.

Маалыматка ылайык, видеоролик шамалдын ылдамдыгы секундасына 44 метрге жеткен Нью-Гемпшир штатындагы Вашингтон тоосунун чокусундагы обсерваторияда тартылып алынган. Анда кызматкер шамалдын ылдамдыгын ченеген желекти тиешелүү жерге орното албай, этек-жеңди жулкулдаткан каршылыкка туш болгонун көрүүгө болот.

Аталган видеону бир сутканын ичинде жүз миңдеген адам көрүп, миңдеген пикирлер жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0