Путин менен Эрдогандын жолугушуусунун жыйынтыгы: мамилелер жылый баштады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принял участие в заседании Совета сотрудничества высшего уровня между РФ и Турцией
Президент РФ В. Путин принял участие в заседании Совета сотрудничества высшего уровня между РФ и Турцией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун аягында түрк президенти эки өлкөнүн тоскоолдуктарды жеңүүгө күчү жеткендигин белгиледи.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Москвада Россия президенти Владимир Путин менен Туркия лидери Тайип Эрдогандын жолугушуусу болгондугун РИА Новости жазды. 

Президент РФ В. Путин принял участие в заседании Совета сотрудничества высшего уровня между РФ и Турцией - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Эрдоган энергетика, коопсуздук жана Сирия маселесин талкуулады
Бул түрк тарап Россиянын аскер учагын атып түшүргөн чуудан кийинки эки жактын элдешүүсүнөн соң Эрдогандын Россияга экинчи жолку иш сапары. Жолугушуу Россия-Түркия жогорку даражада кызматташуу кеңешинин жыйынын алкагында өткөрүлдү.

Россия президенти Владимир Путин орус-түрк байланыштары тездик менен калыбына келе баштаганын билдирди. Анын айтымында, эки өлкө инвестициялык кызматташууну жакшыртып, ар кыл долбоорлорду ишке ашыруусу зарыл. 

Ошондой эле Путин тараптардын соода-экономика жаатында дагы кызматташуулары калыбына келип калганын кошумчалады. 

"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле акырындык менен калыбына келип калганына кубанычтамын. Мындай форматта көптөн бери жолуга элек болчубуз, менимче, акыркысы 2014-жылы болсо керек эле. Соңку кездерде орус-түрк мамилелерин жогорку деңгээлде жеткирүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз", — деди Путин.

Ал эми Эрдоган эки өлкө тоскоолдуктарды жеңүүгө күчү жеткендигин билдирди. 

"Бүгүнкү жолугушуунун мааниси өтө чоң. Ооба, биздин мамилелерде жылыш болду, бирок, белгилүү бир деңгээлге жете элек. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр маалында мамилелерди калыбына келтирүү процессин аягына чыгардык деген ойдомун. Мындан ары "кабылына кетирүү" деген сөздү айткыбыз келбейт", — деди Эрдоган 

Мындан тышкары тараптар "Түрк агымы" жана "Аккую" АЭСи боюнча долбоорлорду улантуу боюнча сүйлөшүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0