Путин менен Эрдоган энергетика, коопсуздук жана Сирия маселесин талкуулады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принял участие в заседании Совета сотрудничества высшего уровня между РФ и Турцией
Президент РФ В. Путин принял участие в заседании Совета сотрудничества высшего уровня между РФ и Турцией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус лидери эки өлкөнүн мамилелери калыбына келип калганын билдирди.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин түркиялык кесиптеши Реджеп Тайип Эрдоган менен болгон жулугушуусунда орус-түрк байланыштары тездик менен калыбына келе баштаганын айткандыгы тууралуу РИА Новости жазды. 

Орус лидери эки өлкөнүн мамилелери, анын ичинен соода-экономика жаатында дагы кызматташуулар калыбына келип калганын кошумчалады. 

"Биз дүйнөдөгү эң орчундуу маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз, бул жагынан биринчи кезекте, албетте, Сирия турат. Балким муну эч ким күтпөсө керек, бирок аскердик ведомстволор жана атайын кызматтар жаатында тыгыз байланыштар түзүлө баштады", — деди Путин.

Эрдоган өз кезегинде эки өлкөнүн экономикалык кызматташынын негизин коргонуу өнөр жайы менен энергетика түзөрүн белгиледи.

"Түрк агымы" жана "Аккую" АЭСи боюнча кызматташтык мурдагы абалына келе жатат", — деди Эрдоган. 

Бүгүн Москвада Россия-Түркия жогорку даражада кызматташуу кеңешинин жыйыны өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0