ЮНЕСКО тизмесине кирген Мальтадагы арка формасындагы айтылуу аска кулады

© Sputnik / Darrin Zammit Lupi / File photoМальта аралындагы арка формасындагы "Көгүлтүр тезере" аскасы. Архив
Мальта аралындагы арка формасындагы Көгүлтүр тезере аскасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көгүлтүр терезе" аскасын коррозия жеп жатканын окумуштуулар эскертип келген.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Мальта аралындагы арка формасындагы "Көгүлтүр тезере" аскасы урап калгандыгы тууралуу жергиликтүү Times of Malta гезити жазды. 

​Бийиктиги 28 метрлик бул аска ЮНЕСКО баалуулуктарынын катарын толуктайт.

Асканын бузулуп калышына коррозия себеп болгону айтылууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жакында эле Жер ортолук деңизде каттуу бороон-чапкын болгон.

​Мальтанын премьер-министри Джозеф Мускат окуяга кайгырып жатканын өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

"Көп жылдардан берки отчеттор аскабызды жаратылыш корозиясы талкалап саларын айтып келген. Ал күн акыры келди", — деп жазган өкмөт башчы.

Туристтер жана дайверлер арасында өзгөчө популярдуулукка ээ болгон бул жер кинематографтарды дагы кайдыгер калтырган эмес. Буга мисал "Көгүлтүр терезени" Андрей Кончаловскийдин "Одиссей" тасмасынан жана "Игра престолов" сериалынан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0