Гватемала: өрттөн көз жумган балдарды саны 32ге жетти

© REUTERS / SAUL MARTINEZГватемалада өрттөн көз жумган балдардын саны 32ге жетти
Гватемалада өрттөн көз жумган балдардын саны 32ге жетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт шаршемби күнү үй-бүлөлүк зомбулуктан ыдык көргөн балдардын реабилитациялоо борборунда чыккан.

БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. Гватемалада өрттөн көз жумган балдардын саны 32ге жетти. Бул туурасында РИА Новости Prensa Libre порталына шилтеме кылып жазды.

Мындан туура бир жыл мурда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, үч миң чарчы метри күйүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы 8 кыргызстандыктын өмүрүн алган өрттүн себеби жыл өтсө да белгисиз
Өрт шаршемби күнү үй-бүлөлүк зомбулуктан ыдык көргөн балдардын реабилитациялоо борборунда чыккан. Буга чейин 28инин каза болгондугу туурасында маалыматтар түшкөн, бирок күйүп калган балдар ооруканадан көз жуумп жаткандыгы кабарланууда.

Аталган борбордо өрт чыккан учурда 13-16 жаштын ортосунда балдар болгон. Кырсыктын себеби тарбиялануучулардын бири жаткан төшөгүн өрттөп жибергенинен улам келип чыккан деп айтылууда. Мындан кийин жалын имараттын бардык аймагына жайылган.

Гватемала бийлиги балдардын каза болгондугуна байланыштуу үч күнгө улуттук аза күтүү жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0