АКШ: чыр чыгарган пенсионердин айынан учак жерге конууга аргасыз болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
66 жаштагы жүргүнчү учактын ичи салкыныраак болгондуктан, стюардессалардан жамынчы сурап, чыр ошондон улам чыккан.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. АКШда Hawaiian Airlines авиакомпаниясынын учагы абага көтөрүлгөндөн кийин 12 доллар үчүн каттамын токтоткон. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Вид из окна самолета - Sputnik Кыргызстан
Индияда ажаткананын жытынан улам учак конууга аргасыз болду
Окуя Лас-Вегастан Гавайи Гонолулу штатына сапар алган учурда болгон. Агенттикке полиция өкүлү чатак учак абага көтөрүлгөндөн кийин чыкканын айтты. 66 жаштагы жүргүнчү учактын ичи салкыныраак болгондуктан, стюардессалардан жамынчы сураган. Кызматкерлер ага акча төлөш керектигин айтканда, пенсионер буркан-шаркан түшүп, авиакомпания өкүлү менен байланыштырууну талап кылган.

Муну уккан учкуч аба кемени аэропортту көздөй буруп, учак Лос-Анжелеске конгон. Аба майдандан пенсионерди ФБР менен полиция "тосуп алып", сурак берген жүргүнчү башка каттам менен сапарын уланткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0