Импичмент жарыяланган Түштүк Кореянын президентинин тагдыры 10-мартта чечилет

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКоррупциялык иштерге барган деп айыпталып импичмент жарыяланган Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин архивдик сүрөтү
Коррупциялык иштерге барган деп айыпталып импичмент жарыяланган Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституциялык сот жарыяланган импичментти мыйзамдуу деп тапса, Пак Кын Хе отставкага кетип, өлкөдө 60 күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Коррупциялык иштерге барган деп айыпталып импичмент жарыяланган Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хеге карата Конституциялык сот 10-мартта акыркы чечимди чыгарат. Бул туурасында РИА Новости Рёнхап агенттигине шилтеме берүү менен жазды.

Конституциялык сот жарыяланган импичментти мыйзамдуу деп тапса, Пак Кын Хе отставкага кетип, өлкөдө 60 күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Эгер мыйзамсыз деп тапкан болсо, ал президенттик ордунда калып ишин улантат.

Учурда Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу болуп премьер-министр Хван Гё Ан иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0