Wikileaks чалгындоо кызматынын жашыруун документтерин жарыялады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын мамлекеттик чалгындоо башкармалыгы iPhone телефондорунан маалыматтарды алып, Microsoft корпорациясынын компьютерлерин жашыруун тескеп келген. Анан калса Samsung фирмасынын сыналгыларын микрофон катары да колдонууга жөндөмдүү.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Wikileaks сайты АКШнын мамлекеттик чалгындоо башкармалыгынын сыр катары сакталган жашыруун документтерин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Washington Post гезитине шилтеме берүү менен билдирди. 

Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хакерлер эл аралык олимпиадалык комитеттин сайтына чабуул коюшууда
Жарыяланган документтердин көлөмү 8,7 миңден ашат. Бул документтер киберчалгындоо боюнча ички тармактык борбордо сакталып турган.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтар кишилер тууралуу маалыматтарды алууда бардык заманбап электрондук техникаларды колдонгон. Маалымат алуу үчүн атайын программалар дагы иштелип чыккан. Мисалы Assassin жана Medusa сыяктуу программаларды кездештирүүгө болот. Алардын жардамы менен атайын кызматтар iPhone телефондорунан маалыматтарды алып, Microsoft корпорациясынын компьютерлерин жашыруун тескеп келет. Анан калса Samsung фирмасынын сыналгыларын микрофон катары да колдонууга жөндөмдүү экенин америкалык басылма жазат.

Жаңылыктар түрмөгү
0