Тибетте автоунаа жүргөн эң бийик тоннель салынат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГород Шигатса
Город Шигатса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоннелдин курулушу мындан эки жыл мурда, апрель айында башталып, учурда 70 пайызга жакыны бүтүп калды.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кытайдын аймагындагы Тибетте быйылкы жылдын сентябрь айында автоунаа жүргөн эң бийик, 4,74 миң метрлик тоннель ачылмакчы. Бул туурасында РИА Новости China Daily гезитине шилтеме кылып кабарлады.

Археологиялык казуулуар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда 2,2 миң жыл мурунку 500дөн ашуун коло буюмдары табылды
Тоннель Мила тоосу менен Ньингчи жана Лхаса аймактарынын арасында салынып жатат. Ал Лхача — Ньингчи деп аталган тез ылдамдыктагы автомагистралдын бир бөлүгү болот. Тешкен тоонун узундугу 5727 метрге чамалап барат.

Тоннелдин курулушу мындан эки жыл мурда, апрель айында башталып, учурда 70 пайызга жакыны бүтүп калды. Куруучуларынын штабынын жетекчиси Ван Ляндын айтканына караганда, бийиктеген сайын абанын оорлошу, 30 градуска жеткен суук ишти татаалдантып жатат.

Учурда Кытайдагы эң бийик тешкен тоо Цинхай провинциясында жайгашып, орточо бийиктиги 4,4 миң метрге жетет. Ал Голог-Тибет автономниялык округунун Мацинь уездинде жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0