Түндүк Корея: Ким Чен Ын кокустан чыкчу согушка даяр турууга буйрук берди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын аскер кызматкерлери. Архив
Түндүк Кореянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Корея 6-мартта төрт ракета учуруп, анын үчөө Япониянын экономикалык аймагына түшүп калганы кабарланган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын стратегиялык күчтөргө атылган ракетадан улам кокустан чыгып кетчү согушка даяр турууга буйрук берди. Бул туурасында РИА Новости Кореянын борбордук телеграф агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Аталган агенттиктин маалыматына караганда, "Хвасон" деп аталган ракеталык аскердик машыгуу өтүп, анда Япониядагы америкалык базага сокку уруу "пландалган".

Баллистическая ракета KN-08 Северной Кореи напоказе в Пхеньяне. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
АКШ баштаган үч мамлекет Түндүк Кореяны кантип ооздуктоону сүйлөштү
Машыгууларга байкоо салып турган Ким Чен Ын армиянын стратегиялык күчтөрүнө "ар бир учурда согуш чыгып кете турган азыркы кооптуу кырдаалда согушка жогорку деңгээлде даяр туруу" боюнча буйрук берген. Ал күчтөрдүн душманга сокку уруу боюнча ыңтайлуу орунду ээлеп, партиянын борборунан буйрук кандай келсе, ошондой аткаруу белгилеген.

Буга чейин Түндүк Корея 6-мартта төрт ракета учуруп, анын үчөө Япониянын экономикалык аймагына түшүп калганы кабарланган.

Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ракеталар Япон деңизинин аймагына Акита префектурасынын Ога деп аталган жарым аралына 300-350 чакырым аралыкта түшкөн. Баллистикалык ракеталардын келтирген зыяны туурасында маалыматтар түшө элек.

Түштүк Кореянын Аба күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчилигинин айтымына караганда, ракеталар Япон деңизин карай Пхёнан-Пукто провинциясынан атылган. Ал миң чакырым аралыкты басып өткөн. Түштүк Кореянын тиешелүү күчтөрү ракеталар 260 чакырым бийиктикке көтөрүлгөндүгүн айтууда.

Пхеньяндын азыркы машыгуулары Түштүк Кореяда өтүп жаткан Америка-Корея ири машыгууларына дал келип калганын байкоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0