Түркиядагы РФ элчисинин өлүмүнө тиешеси бар делип россиялык аял камалды

© REUTERS / HUSEYIN ALDEMIRНападение на ночной клуб в Стамбуле
Нападение на ночной клуб в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн берген ырастоолоруна караганда, кармалган 33 жаштагы Екатерина ноябрь айынын аягына чейин Алтынташтын байланыш телефондорун колдонуп, WhatsApp аркылуу сүйлөшүп турчу.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Түркиядагы Россия элчиси Андрей Карловду өлтүргөн Мевлют Алтынташ менен байланышы бар делип Анкарадан россиялык аял камалды. Бул тууралуу РИА Новости Hurriyet гезитине таянып кабарлады. 

Тергөөнүн берген ырастоолоруна караганда, 33 жаштагы Екатерина аттуу аял ноябрь айынын аягына чейин Алтынташ менен телефон аркылуу байланышып, WhatsApp аркылуу сүйлөшүп турчу.

Мероприятия памяти посла РФ в Турции А. Карлова за рубежом - Sputnik Кыргызстан
РФ элчиси Карловдун өлтүрүлүшүн "Джейш аль-Фатх" террордук уюму өзүнө алды
Муну менен бирге ал Түркиянын борборунда беш жылдыздуу мейманканаларында интимдик кызмат уюштурууга тиешеси бар делген маалымат төгүндөлүүдө.

Ал эми Россиянын Анкарадагы элчилиги РИА Новости агенттигине анын камалышы боюнча ыкчам маалымат бере алган эмес.

Эске салсак, 19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам дипломат көз жумган. Элчиден башка үч адам жабыркаган. Ок аткан кылмышкер жергиликтүү полиция тарабынан ошол жерде атып өлтүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0