Индияда ажаткананын жытынан улам учак конууга аргасыз болду

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүВид из окна самолета
Вид из окна самолета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бангалордон Делиге сапар алган Boeing-737 учагы Хайдарабадка конууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Индиянын SpiceJet авиакомпаниясынын учагы ажатканадан чыккан жагымсыз жыттын айынан жерге конууга аргасыз болгонун РИА Новости Hidustan Times басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

184 жүргүнчү менен бараткан Boeing-737 учагы Бангалордон Делиге сапар алган. Бирок чукул кырдаалга байланыштуу Хайдарабадда конууга аргасыз болгон.

"Ажатканадан чыккан жагымсыз жыт учкучтардын кабинасына жеткендиктен Делиге бараткан самолет конууга аргасыз болгон", — деп айтылат маалыматта.

Хайдарабаддагы аэропортто учкучтардын кабинасы менен ажатканасына тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Ошентип учак Делиге бир саат кечигип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0