Түндүк Корея төрт ракета учургандыгын коңшу Түштүк Корея тастыктады

© REUTERS / KCNAСеверокорейский лидер Ким Чен Ын
Северокорейский лидер Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япония өкмөтү Түндүк Кореянын төрт ракетасынын үчөө алардын экономикалык аймагына түшүп, аба жана деңиз кемелерине кооптуулук жараткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Түндүк Корея Япон деңизинин үстүнөн баллистикалык төрт ракета учургандыгын Түштүк Кореянын аскер бийлиги тастыктады. Бул туурасында РИА Новости Рёнхап агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

"Биздеги болгон маалыматтарга караганда Түндүк Корея баллистикалык төрт ракета учурду", — деп билдирген аталган агенттикке Түштүк Кореянын Аба күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси.

Буга чейин Түндүк Корея дагы төрт ракетаны сынаганы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

Япония өкмөтү Түндүк Кореянын батыш тарабынан учурулган төрт ракетанын үчөө алардын экономикалык аймагына түшүп, аба жана деңиз кемелерине кооптуулук жараткандыгын билдирди.

Баллистическая ракета KN-08 Северной Кореи напоказе в Пхеньяне. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
АКШ баштаган үч мамлекет Түндүк Кореяны кантип ооздуктоону сүйлөштү
Пхеньяндын учурган ракеталардын зыянга учураганы туурасында маалыматтар азырынча түшө элек.

Түштүк Кореянын Аба күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчилигинин айтымына караганда, ракеталар Япон деңизин карай Пхёнан-Пукто провинциясынан атылган.

Пхеньяндын бул сапар сынаган ракеталары Түштүк Кореяда өтүп жаткан Америка-Корея ири машыгууларына туура келди. Кореянын элдик армиясынын башкы штабы бул окууларга карата жооп иретинде бир катар маневрларды жасоого мажбур болорун билдиргени кабарланды.

12-февралда Пхеньян орто радиуста аракетке келе турган баллистикалык ракеталарды сынаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0