Кытайда 2,2 миң жыл мурунку 500дөн ашуун коло буюмдары табылды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАрхеологиялык казуулуар. Архив
Археологиялык казуулуар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коло буюмдары Чэнду шаарында казуу иштери жүрүп жаткан учурда табылган.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясынан археологдор мындан 2,2 миң жыл мурунку 500дөн ашуун колодон жасалган буюмдарды табышкан. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен жазды.

Древнетюркский рунический надпись в Онгудайском районе Республики Алтай - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз каганаты учурунда жазылган уникалдуу рун жазуулары Алтайдан табылды
Археологдордун өкүлү Ван Тянью ал буюмдар Чэнду шаарында Чуньцю дооруна (биздин заманга чейинки 770-476 жылдар) жана согуш дооруна (биздин заманга чейинки 475-221-жылдары) таандык 180 көрүстөн казылып жаткан учурда табылганын билдирген.

Казылган мүрзөлөрдөн жалпы саны 540 коло буюмдары чыккан. Алар курал, идиш-аяк, ар түрдү шаймандар жана салттуу статуэткалар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0