Иорданияда он согушкер дарга асылды

© AFP / HAIDAR HAMDANIСогушкерлер. Архив
Согушкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар 2016-жылы жүрөк үшүн алган кылмыштарды жасады деп айыпталган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Иорданияда терроризм боюнча соттолгон он киши ишемби күнү эртең менен дарга асылганын өлкөнүн маалымат министри Мохаммед аль-Моманиге таянып РИА Новости билдирди. 

Маалыматка ылайык, соттолгон жарандар 2016-жылы жүрөк үшүн алган кылмыштарды жасады деп айыпталган. Алар качкындар лагерине кол салып жана жазуучу Нахида Хатарды өлтүргөнү айтылган.

Министрдин айтымында, сексуалдык кордук көрсөтүү боюнча дагы беш киши өлүм жазасына тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0