БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Windows операциялык системасындагы телефон колдонгондор үчүн WhatsApp жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Бул тууралуу Daily Star басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган жаңы функция ар бир чаттагы сүрөттөр, жазышуулар, GIF-анимациялар уюлдук аппараттын канча пайыз эсин ээлеп турганын көрсөтөт.
WhatsApp To Bring Out A New Feature That Lets You Organise Chats Like Never Before https://t.co/kzvLifGi4x pic.twitter.com/m9lNMKWmrs
— Telecom TALK (@TelecomTalk) 2 марта 2017 г.
Бул киргизилген жаңы функция бир гана Windows операциялык системасындагы телефондордо иштейт. Мындай мүмкүнчүлүк Android же iOS операциялык системалары үчүн болор-болбосу азырынча белгисиз.