БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Австралияда эки баласын сууга чөктүрүп жаткан аялга ит кол салгандыгын News.com.au агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жүрөк үшүн алган окуя Жаңы Түштүк Уэльс штатында болгон. Муррей дарыясына балдарын ээрчитип келген эне беш жашар баласын сууга чөктүрүп өлтүрүүгө үлгүргөн. Ал экинчи баласын дагы чөктүрөйүн деп жатканда баланын үнүн уккан ит чуркап келип аялга кол салган.
Австралиялык аял кийин өзү милицияга кайрылып ит ага кол салганын айтуу менен арыз жазган.
Беш жашар баланын сөөгүн куткаруучулар кийинки күнү табышкан. Ал эми экинчи бала аман калган.
Соттук отурумда 27 жаштагы аял балдарын чөктүрүп өлтүрүүнү ниеттенгенин моюндаган. Полиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат.