ЖМК: "Ислам мамлекети" уюмунун башчысы тарапташтарына акыркы сөзүн айтты

© AP Photo / Militant video, File"Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадинин архивдик сүрөтү
Ислам мамлекети террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абу Бакр аль-Багдади өз тобунун акыркы согуштарда жеңилип калгандыгын мойнуна алган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдади өзүнүн тобунун акыркы согуштарда жеңилип калгандыгын мойнуна алып, тарапташтарын тоолуу аймактарга жашынууга үндөдү. Бул тууралуу Alsumaria телеканалына таянып РИА Новости кабарлады.

"Аль-Багдади акыркы жолу сүйлөп жатканын айтып, террордук уюмдун учурдагы абалын тарапташтарына түшүндүрүп берген. Ал өз сөзүндө террорчуларга Ирактын жана Сириянын тоолуу жерлерине жашынууга үндөгөн", — деп жазылат маалыматта.

Талибан радикалдык кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афганистан: талиптердин көмүскөдө жүргөн командирлеринин бири кармалды
Буга чейин Мосулдун түндүк тарабындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү шаардан кача баштагандыгы тууралуу маалымдалган.

Ирактын түндүк тарабындагы Мосул аймагын 2014-жылы басып алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан куткаруу боюнча аракеттер 2016-жылдын 17-октябрынан тарта башталган. Ага Ирактын аскерлери, жергиликтүү кошуундар, күрд күчтөрү жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер аба күчтөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0