Афганистан: талиптердин көмүскөдө жүргөн командирлеринин бири кармалды

© AFP / WAKIL KOHSAR"Талибан" радикалдык кыймылынын мүчөлөрү. Архив
Талибан радикалдык кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийликтин маалыматында согушкерлер менен өкмөттүк аскерлердин кагылышы провинциянын ар кайсы аймактарында бир нече күндөн бери уланып келет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Афганистандын коопсуздук кызматы Баглан провинциясынан "Талибан" радикалдык кыймылынын маанилүү делген командирлеринин бирин кармап, дагы үч согушкерди жок кылды. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

"Талибандын" согушкерлери Тала-о-Барфак деп аталган райондо бир нече чабуулдарды жасап, коопсуздук кызматы аларга жооп берген. Анын жыйынтыгында, аты аталган аймакка белгилүү болгон Кари Бахуадин шаршемби күнү кармалган. Андан сырткары дагы үч согушкер жок кылынган", — деп билдирген аймактык региондун өкүлү Махфозулла Акбари.

Основатель компании Ringing Bells Мохита Гоэля - Sputnik Кыргызстан
Индияда 4 долларлык смартфон чыгарам деген компаниянын жетекчиси кармалды
Анын айтымында, кагылышууда полициянын эки кызматкери жарадар болгон. Бийликтин берген маалыматына караганда, согушкерлер менен өкмөттүк аскерлердин кагылышы провинциянын ар кайсы аймактарында бир нече күндөн бери уланып келет.

Бийлик өкүлдөрү кармалган командир ал "Талибандардын" көмүскөдөгү жетекчилигине кирерин айтышты.

Афганистандагы кырдаал акыркы айлары кескин начарлап кетти. "Талибан" буга чейин өлкөнүн айыл жерлерин ээлеп алып келсе, эми ири шаарларга баш коё баштады. Мындан сырткары аймакта "Ислам мамлекети" террордук уюмунун таасири да күчөй баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0