23:09 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү

Стамбулда Эрдоган тууралуу тасманын бет ачары болуп өттү

Фотохост-агентство
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
7410

Тасмада түрк башчысынын балалыгы, анын Стамбулда мэрияда иштеп турган убагы жана 1997-жылы диний чыр-чатакты тутандырды деген айып менен төрт ай түрмөдө жаткан учуру тууралуу тартылган. Ал чоң экрандарга 3-марттан баштап чыга баштайт.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Стамбулда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жашоосун чагылдырган "Жол башчы" (Reis) деп аталган көркөм тасманын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу РИА Новости TRT телеканалына таянып билдирди.

Тасмада түрк башчысынын балалыгы, анын Стамбулда мэрияда иштеп турган убагы жана 1997-жылы диний чыр-чатакты тутандырды деген айып менен төрт ай түрмөдө жаткан учуру тууралуу тартылган. Фильмди режиссер Хүдаверди Явуз тартып, сценарийин Мурат Оздиль жазган. Ал эми Эрдогандын ролун Реха Бейоглу, аялы Эминенин образын Озлем Балжи жараткан.

Тасма Стамбул, Кыркларели, Бурса жана Түндүк Кипрде тартылган. Ал чоң экрандарга 3-марттан баштап чыга баштайт.

Тема боюнча

Президент Эрдоган автобус алдында калган жан сакчысына жардам көрсөттү
Эрдогандын Кыргызстанга келиши күтүлүүдө
Белгилер:
бет ачар, актер, режиссер, президент, тасма, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ