"Ла-ла Ленд" тасмасына жаңылыштык менен "Оскар" тапшырылды

© AP Photo / Chris Pizzello / InvisionЦеремония вручения "Оскара" - 2017
Церемония вручения Оскара - 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманын тартуу тобу сахнага чыгып сыйлык үчүн ыраазычылык айтып жатканда алып баруучу жаңылыштык кеткенин жарыялаган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Американын "Ла-ла Ленд" тасмасы жаңылыштык түрдө "жылдын эң мыкты тасамасы" деп аталып калгандыгын РИА Новости АВС каналына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Фильм В поисках мамы - Sputnik Кыргызстан
"Апамды издеп" тасмасы Казакстанда эч кимди алдына салбай келе жатат
​Алгач "Оскар" сыйлыгына "Ла-ла Ленд" тасмасы татыгандыгы айтылган, бирок тартуу тобу сахнага чыгып ыраазычылык айта баштаганда уюштуруучулардын бири жаңылыштык кеткенин айтып сыйлык "Лунный свет" тасмасына ыйгарыларын билдирген.

Анткен менен "Ла-ла-Ленд" тасмасындагы Эмма Стоун эң мыкты роль жараткандыгы үчүн "Оскарга" татыды. Ал эми "Манчестер у моря" тасмасында ойногон Кейси Аффлек эркектин ролун мыкты жараткандыгы үчүн сыйлык алды.

"Оскар" сыйлыгынын 89-аземи Лос-Анжелесте өтүп, иш-чараны биринчи жолу комик Жимми Киммел алып барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0