Трамп CNN каналы менен New York Times гезитин ушакчыга теңеди

© Sputnik / Кейтлин Оукс / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ак үйдө болгон брифингге CNN, New York Times, Politico жана Los Angeles Times басылмаларынын кабарчыларын киргизбей коюшкан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп CNN телеканалы менен New York Times гезитин ушак-айыңдын деңгээлиндеги маалымат таратат деп күнөөлөдү. Бул тууралуу президент өзүнүн Twitter баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады. 

​"Жалган маалыматтарды жазган ЖМКлар атайылап чыкдыкты айтышпайт. Бул биздин өлкөдө абдан чөң коркунуч жаратат. New York Times каталарды кетирип, элге күлкү болду. CNN деле ушундай абалда. Өкүнүчтүү!" — деди Америка президенти.

Президент США Дональд Трамп и первая леди Мелания Трамп - Sputnik Кыргызстан
New York Times гезитинин журналисти Меланья Трамптан кечирим сурады
Жакында эле Ак үйдө болгон брифингге CNN, New York Times, Politico жана Los Angeles Times басылмаларынын кабарчыларын киргизбей коюшкан.

CNN журналистинин айтымында, эмнеге мындай болгонун аларга эч ким түшүндүргөн эмес.

Дональд Трамп менен анын администрациясынын кызматкерлери буга чейин эле айрым ЖМКларды "жалган маалыматтарды таратышат" деп айтып келишкен. Ал эми Трамп CNN, New York Times, NBC, ABC жана CBS басылмаларын "эл душманы" деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0