Индияда 4 долларлык смартфон чыгарам деген компаниянын жетекчиси кармалды

© AP Photo / Saurabh DasОснователь компании Ringing Bells Мохита Гоэля
Основатель компании Ringing Bells Мохита Гоэля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
План боюнча компания 2016-жылдын 30-июнуна карата 2,5 миллион телефонду кардарларына бериши керек эле. Бирок июль айында болгону 5 миң гана аппарат чыгарган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Индиянын Газиабад шаарынын полициясы Ringing Bells компаниясынын негиздөөчүсү Мохита Гоэляны алдамчылык боюнча кармады. Ал баасы төрт долларлык Freedom 251 уюлдук телефондорун чыгарам деп элди ишендирген. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги IANS басылмасына таянуу менен билдирди.

Аталган компания арзан телефондорду чыгарабыз деп былтыр февраль айында жар салганда көпчүлүккө таанылган. Алар өз идеясын айткандан кийин алдын ала 70 миллион заказ түшкөн. План боюнча компания 2016-жылдын 30-июнуна карата 2,5 миллион телефонду кардарларына бериши керек эле. Бирок июль айында болгону беш миң гана аппарат чыгарган. Андан бери компания жасаган иштери боюнча кардарларына отчет берген эмес.

"Чынында телефондор даяр болчу, бирок алар эмнегедир ээлерине берилген эмес, анын ордуна компания кымбат баадагы башка компаниянын телефондорун сата баштаган. Алардын мындай кадамы шек жараткандыктан алардын ишмердиги текшерилген", — деп жазатIANS басылмасы.

Кардарлардын жана башка компаниялардын арыздарынан кийин Ringing Bells компаниясынын жетекчиси кармалып, учурда дагы башка кишилер изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0