ЖМК: АКШда 24 сааттык онлайн-марафон учурунда интернет оюнчу каза болду

© AP Photo / Jens MeyerФестиваль компьютерной игры DreamHack в Лейпциге
Фестиваль компьютерной игры DreamHack в Лейпциге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марафондун эфирин Twitch аттуу видеолорду жана киберспорттук мелдештерди түз алып көрсөткөн видео сайт алып барган. Максаты катуу оорулуу балдардын тилегин аткарууга жардам берген Make-A-Wish Foundation аттуу кайрымдуулук фондго акча чогултуу эле.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Американын Виргиния штатында Брайан Виньо аттуу (Brian Vigneault) интернет оюнчу 24 сааттык World of Tanks аттуу кайрымдуулук марафон оюн учурунда каза болуп калган. Бул тууралуу Sun гезитине таянып РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, марафондун эфирин Twitch аттуу видеолорду жана киберспорттук мелдештерди түз алып көрсөткөн видео сайт алып барган. Максаты катуу оорулуу балдардын тилегин аткарууга жардам берген Make-A-Wish Foundation аттуу кайрымдуулук фондго акча чогултуу эле.

"Оюндун 22-саатына жетип калганда Poshybrid ат менен белгилүү болгон Виньо тамеки чегүүгө кетип, андан кийин кайра ойноого келген эмес. Мындан улам модераторлор жана көрүүчүлөр аны уктап калды деп ойлошкон. Кечинде анын тааныштарынын бири "онлайн" режиминде турганын көрүп билдирүү жөнөтөт. Бирок оюнчунун ордуна полиция кызматкерлери анын каза болгону тууралуу жооп жазган", — деп жазылат маалыматта.

Виргиния штатынын полиция кызматкерлери Виньонун каза болгонун тастыктап, бирок оюнчунун өлүмүнүн себептерин түшүндүргөн эмес. Геймерлер тобу оюнчуга Facebook баракчасына көңүл айтып жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0