Лондон: террорчулар катарына кошулуп кетүүгө камынган беш өспүрүм кармалды

© REUTERS / Eddie KeoghЛондон шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив
Лондон шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын улуусу 20, калганы 15 жаштын тегерегиндеги балдар болгон.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Лондондо тартип коргоочулар террорчулар катарына кошулуп кетүүгө камынган беш өспүрүмдү кармады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

"Камалгандар ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмга барып кирүүнү пландаган", — деп айтылат Скотленд-Ярддын маалымат сайтында.

Аларды кайсы уюм азгыргандыгы туурасында так айтылган эмес. Кармалгандардын улуусу 20, калганы 15 жаштын тегерегиндеги балдар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0