АКШга "устукан" жана чучукту мыйзамсыз алып кирүүгө аракеттенген моңголдор кармалды

Жазылуу
Азия мамлекеттеринде ветеринардык көзөмөл начар болгондуктан Монголиядан АКШга жылкы этин алып кирүүгө тыюу салынган.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Даллас эл аралык аэропортунун бажычылары Монголиядын келе жаткан жылкы этин, чучук, топоздун сүтүн кармашты. Бул тууралуу The Washington Post гезити жазып чыкты.

Чет элдиктерди таң калтырган кыргыз тамактары
​Бажы кызматкерлери менен чек арачылар Монголиядан келе жаткан эки аялдын жүгүн текшерип жатып, 20 килограммдай жылкы этин таап алышкан. Анын төрттөн бири чучук болгон. Ошондой эле суусундуктун шишесине уй этинен жасалган холодец жана үч литр топоздун сүтү табылган.

Азия мамлекеттеринде ветеринардык көзөмөл начар болгондуктан Монголиядан АКШга жылкы этин алып кирүүгө тыюу салынган. Алынган жүктүн бардыгы өрттөлүп жок кылынган. Мыйзамсыз эт ташыган аялдарэч кандай жазага тартылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0