Кытай Түндүк Кореядан көмүр импорттоону толук токтотту

© REUTERS / Jason Lee / File PhotoДобыча угля в Китае
Добыча угля в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий Пхеньян өзөктүк куралдануу жана аларды сыноодон баш тартпай келет. Алардын мындай аракеттерине дүйнө коомчулугу терс пикирин билдирип, бир катар чектөөлөрдү киргизишкен.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кытай 19-февралдан тарта Түндүк Кореядан көмүр импорттоону толугу менен токтотот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Кытайдын соода министрлигине таянуу менен билдирди.

Кытай мындай кадамга Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын аткарып жаткандыктан барууда. Маалыматка ылайык, тыюу салуу 2017-жылы 31-декабрга чейин уланат.

Лопата, тележка и 20 тонн — один день на шахте Жыргалан - Sputnik Кыргызстан
Баткенде Тажикстанга мыйзамсыз көмүр ташыган жарандар кармалды
2016-жылдын апрелинен тарта Кытай Түндүк Кореядан минералдык чийки заттарды импорттоого чектөө киргизген. Ошондой эле Пхеньянга авиациялык күйүүчү майды экспорттоону токтоткон.

Белгилей кетсек, 2016-жылы январда Түндүк Корея төртүнчү жолу өзөктүк куралын сынаган. Ал эми февралда 12 миң чакырымдагы бутаны жок кыла турчу ракетаны да сыноодон өткөргөн. Расмий Пхеньян өзөктүк куралдануу жана аларды сыноодон баш тартпай келет. Алардын мындай аракеттерине дүйнө коомчулугу терс пикирин билдирип, бир катар чектөөлөрдү киргизишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0