ТИМ: Пакистандагы террордук кол салуудан КР жарандары жабыркаган жок

© REUTERS / Akhtar SoomroКрупный теракт в Сехван-Шарифе, Пакистан
Крупный теракт в Сехван-Шарифе, Пакистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террордук кол салуудан 75 киши каза болуп, 150дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Пакистандын Сехван-Шариф шаарындагы Лала Шахбаз Каландар мавзолей комплексинин аймагында болгон террордук чабуулдан Кыргызстандын жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

16-январда болгон террордук кол салуудан 75 киши каза болуп, 150дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Каргашалуу окуяны "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алган.

"Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги өлкө аймагындагы абалга көз салууну улантууда. Ошол эле учурда Пакистанга барууну пландап жаткан КР жарандарына өз коопсуздугун сактоого көңүл бурууну сунуштайт", — деп айтылат ТИМ тараткан билдирүүдө.

Адам өлүмүн алган террордук кол салуудан улам Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Пакистандын башчысы Мамнун Хуссейнге көңүл айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0